Египет: Бийликтен куулган президенттин тарапташтары менен каршылаштарынын ортосундагы кагылышуудан 7 адам өлдү

15-июлдан 16-июлга караган түнү Египеттин борбору Каирде бийликтен куулган президент Мухаммед Мурсинин тарапташтары менен каршылаштарынын ортосунда кагылышуу болду. Чет элдик ММКлардын билдиришинче, окуядан 7 адам каза тапты. Мындан башка 250дөй жаран ооруканага жеткирилип, жарымы тиешелүү жардам алып үйүнө чыгарылса, 124 жаран учурда ооруканада жатканы белгилүү болду. Мурсинин тарапташтары борбордук аянтка чогулушуп, негизги жолду жабууга аракет кылышкан. Демонстранттарды таркатуу үчүн полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ жана катуу үн чыгаруучу жардыргыч зат колдонушту. Мурсини колдогондор эгер ал президенттик такка кайрадан отурбаса, Египетти бүт талкалай тургандыктарын айтышууда. 

"Эркиндик жана адилеттүүлүк" партиясынын лидери Исам Арьян "эгер талаптары аткарылбаса нааразы тарап кескин чараларга барат" деп жар салууда.  

 

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан