Депутат Тазабек Икрамов: "Бабановдун иши боюнча "экс-президент айтты" дебестен, укук коргоо органдары өздөрү иш алып баруусу керек"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген оюн айткан эле. Буга байланыштуу кечээ жана бүгүн Жогорку Кеңеште экс-депутат Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча маселе каралмак. Эгер кечээ жумуш убактысы бүткөндүктөн бул маселени кароо башка күнгө жылдырылса, бүгүн маселе кайрадан добушка коюлуп, колдоо таппай калды.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңеш Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча маселени карамакчы болуп, көп өтпөй көпчүлүк депутаттар баш тартышты. Бул эмненин белгиси?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жооп берди.

Анын айтымында, Бабановдун маселесин кароо сунушу боюнча ар бир депутат өзүнө добуш бергени үчүн өтпөй калган.

"Бул эч нерседен кабар бербейт. Маселени кечээки күн тартибине киргизгенбиз. Бирок убакыт жетпегени үчүн каралбай калган. Төрага бүгүн да бул сунушту добуш берүүгө коюп берди. Эми ар бир депутат өзү билет да. Колдоо тапкан жок. Кечээ болсо Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада көп депутаттар жүргөндүгү үчүн бир адам эле бул маселени күн тартибине киргизип жиберген. Ал эми бүгүн ар бир депутат өзүнө жооп бергени үчүн өтпөй калды. Бабановдун иши боюнча "экс-президент айтты" дебестен, укук коргоо органдары өздөрү иш алып баруусу керек. Экс-президент убагында өзү иш козгогон. Анда бул маселе боюнча аны да жоопко тартуу керек", - деди Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, Ирина Карамушкина, Максат Сабиров, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору Тимур Шайхутдиновдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан