"Булар көрүнгөндүн кабинетине чуркап жүрүп, маселени күн тартибине киргизип алды". Мындай сынды парламент жыйынында депутат Курманкул Зулушев айтты.
Ал протоколдук тапшырма берилген мыйзам долбоору чийки боюнча эле күн тартибине киргизилгенин айтып, төрага Дастанбек Жумабековго нааразычылык билдирди.
"Жоопкерчилик болушу керек да. Добушубузду сыйлайлы. Биз берген протоколдук тапшырманы аткарбай туруп эле алып келишиптир. Өкмөт Жогорку Кеңеш менен эсептешпейт. Парламентти сыйлаш керек да. Протоколдук тапшырманын жообун мен окубаган соң, башка депутаттар да окуган эмес да", - деди Зулушев.
Эл өкүлү санариптештирүү жана интернет боюнча берилген протоколдук тапшырма убагында аткарылбагандыгы үчүн кошумча протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев тийиштүү тапшырма боюнча маалыматтар учурунда берилгенин айтты.
Зулушевдин маселени күн тартибинен алып салуу боюнча сунушу колдоо тапкан жок.