Каттоо кызматынын транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору Жоошбек Коёналиев ээлеген кызматынан бошотулду

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору Жоошбек Коёналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алды.

Жоошбек Коёналиевди аталган кызматка 2014-жылы 5-декабрда ошол учурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев дайындаган.

Аталган департаменттин ишине акыркы учурда көп даттануулар келип түшкөн. Ошондой эле мекеменин иши начар деп бааланган.

Жоошбек Коёналиев президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын мурдагы башчысы Турусбек Коёналиевдин бир тууганы экендиги айтылууда. Турусбек Коёналиев дагы ушул жылдын сентябрь айында иштен алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2018-12-13 21:15:18
Семейный корупционерлер экенда иштен эле бошотбой жоопкерчилике тартбайсынарбы же болушуп турушканбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан