Ысык-Көл облусу боюнча 1-июлдан 15-июлга чейин 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук өрткө каршы кызматынын ага инспектору Бекжан Жексенбиев билдирди. Айтымында, өрттүн кесепетинен 2 унаа, 500 даана таңгакталган чөп, 1 зым карагай күйгөн. Учурда өрттүн кесепетинен келип чыккан чыгым толук такталууда.