Депутат Зулушев: "Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткен"

"Парламент экс-президенттерге кандайдыр бир статусту берүүгө тийиш эмес. Тилекке каршы, каралып жаткан мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө аргасызбыз. Мыйзамдуубу же мыйзамсызбы ал башка маселе, биз Конституциялык палатанын чечимдерин аткарышууга милдеттүүбүз", - деди 13-декабрда “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Курманкул Зулушев.

Ал эми Конституциялык палатанын маалыматында, тиешелүү мыйзамдын текстинде экс-президенттин кол тийбестиги бардык жактан коргоого ээ экени жазылган.

“Мыйзамдын текстине көз жүгүртсөк, экс-президент абсолюттуу кол тийбестикке ээ экен, ал эми ойлонуп көрсөк, мындай ченем Конституциянын талаптарына каршы келет экен. Ошондон улам ушундай чечим кабыл алынган”, - деди Конституциялык палатанын өкүлү.

Демилгечилердин бири Зулушев Конституциялык палатанын чечимин эч кимдин талкуулоого акысы жок экенин белгиледи.

“Бирок мыйзам чыгаруу органдын өкүлү катары айтсам, Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткен. Экс-депутаттарга кандай статус берет, кандай ченемдерди кабыл алат, аны парламент өзү чечет. Конституциялык палата ал чечимдердин Конституцияга каршы келер-келбесин гана аныкташы керек”, - деди ал.

Аталган мыйзам долбоору биринчи окуудан 100 "макул", 2 "каршы" добуш менен өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан