Бүгүн, 14-декабрда “Кыргызалтын” ишканасы "Макмалалтын" комбинатын иштетүүгө инвестор табуу боюнча жарыялаган сынактын аягына чыкканын кабарлады. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кенди иштетүү үчүн сынак бир ай мурда жарыяланган. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5 иш күндүн ичинде инвесторлордон сынакка келип түшкөн арыздар каралат. Анын алдында өкмөт тиешелүү жетекчилерге Макмал кениндеги өндүрүштү ишке киргизүүнү тапшырган.
Мекемелер аралык комиссияга Экономика министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен, Тоо өндүрүшү бирикмесинен, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн, Тогуз-Торо районун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Каргалык, Атай, Көк-Ийрим, Сары-Булуң жана Тогуз-Торо айыл өкмөт башчылары, ошондой эле "Кыргызалтын" ишканасынын кызматкерлери кирди.
Жеңүүчү компания жергиликтүү элге максималдуу санда жумушчу орун бериши керек, кенди иштетүүдө экологиялык жактан коопсуз реагенттерди жана заманбап технологияларды милдеттүү түрдө колдонушу шарт.
Сынакка Кыргыз мамлекетинин жана чет өлкөдө катталган юридикалык жактар, ошондой эле кыргыз ишкерлери менен чет элдик жеке жактар катышкан.