Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурумда негизги күбө көрсөтмө берүүдө

Бүгүн, 14-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум улантылууда.

Судья айыпталуучу Э.Осмонкулов мурунку жактоочусунан баш тартканына байланыштуу жактоочусу алмашканын маалымдады. Соттук отурумда күбө Олег Тяф суракка алынууда.

"2017-жылдын жай мезгилинен бери Эрмек Осмонкулов менен таанышпыз. Аны менен абактан таанышкам. Кийин менин батириме келип турчу. Ноябрь айында үйдөн чыгып жатак абакка барыш үчүн кетип баратсам ал үйдүн алдында туруптур. Унаама отуруп отургучтун алдына бир нерсе бекитти. Мен ал эмне деп сурасам тапанча деп жооп берди. Мен аны менен эч жакка барбай турганымды айттым. Жанында тапанчасы бар экенинен корктум. Анан унаанын дөңгөлөктөрүн сатуучу жайыма алып барып ошол жакка коюп тур деп айттым. Кийин ал дайынсыз болуп кетти. Мени башка абакка которуп салышты", - деди Тяф.

Күбө 281-берене менен жаза өтөп жатканын айтты. Ошондой эле ал Осмонкулов ага сунуш түшүп жатканын айтканын кошумчалады.

Аида Салянова күбөгө суроолорду берип жатат. "Тергөөчү сизди суракка алганда Осмонкуловго "чоң адамдардан" сунуш түшүп, ал бирөө башка адамга жолтоо болуп жатканын айткан экенсиз. Бул көрсөтмөнү далилдейсизби?" - деди Салянова.

"Ооба, ошондой сөз болгон. Бир жолу сүйлөшкөндө мага ушинтип айткан. Экөөбүз чогуу жүрчүбүз. Акыркы учурларда ал мени менен көп жүрүп калды. Ал мага ишенимдүү адамдай көрүндү. Кийин териштирип, эстесем ал адам өлтүргөндөн кийин тапанчаны меникине бекитип кеткен экен", - деди Тяф.

"Кийин губернатор мени "смотрящий" кылып дайындаганы жатат. Эч нерсеге кабатыр болбо, сени башка абакка котортом деп жазган. Мен өзүм чыгам деп жооп жаздым. Кийин мени шаарга которду", -деди күбө.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган. Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкекте болсо, калган экөө Орусияда абакта кармалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alia82
2018-12-14 12:10:16
Ыы ошондо чын эле буюртма экен да, окунучтуу орто жолдоле бейкуноо карапайым адам олуп кетти (
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан