Чүй облусунун Токмок шаарында кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү саат 14:46да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Жантай көчөсүндө жайгашкан кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денесин алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.