Оштогу Нурсултан Назарбаев атындагы мектептин курулуш иштери менен мэр Мелис Мырзакматов таанышып чыкты

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов шаардын Черемушки кичи районуна курулуп жаткан Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев атындагы мектептин курулуш иштери менен таанышып чыкты. Бул мектепти казак президенти Нурсултан Назарбаев 2010-жылы Ош окуясында жабыр тарткандарга жардам катары курдуруп бермекчи болгон. Курулуш иштерине 250 миллион сом жумшалмакчы. Учурда шаардык мэрия мектеп курула турган аянтты бөлүп берген, каражат маселесин казак президенти Нурсултан Назарбаев каржылайт. Белгилүү убакытка чейин токтоп калган бул курулуш иштеринин тездетүүсүн талап кылып, тийиштүү адамдарга мэр Мелис Мырзакматов тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан