Улан Саляновдун кошунасы: "Окуя болгон түнү уулу бизге чуркап келип беткапчан адамдар атасын атып кеткенин айтты"

Бүгүн, 14-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто маркум Улан Саляновдун кошунасы Алмаз Асаев суракка алынууда. "Биз жашаган жер тынч болчу. Эшиктерди кулпулабай деле койгон күндөр болгон. Сыртта күрөк же башка шаймандар деле калчу, бирок жоголчу эмес. 6-ноябрга караган түнү саат 01:30 чамасында эшиктен бирөө чуркап кирди. Ал Улан байкенин уулу Абай экен. Үйүнө бет капчандар кирип, атасын атып кеткенин айтты. Биз Абайдын артынан уурулар кууп келиши мүмкүн деп корктук. Ошол себептен терезе жакка жакындабай, жерге ылдый болуп жаттык. Дароо милицияга, "Тез жардамга" чалдым. Кийин милиция келип, эшикке чыктык", - деди Асаев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган. Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкекте болсо, калган экөө Орусияда абакта кармалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taalay25
2018-12-14 11:54:30
Буюртма
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан