Бүгүн, 14-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө негизги күбө жана маркум Улан Саляновдун кошунасы суралып, көрсөтмө беришти.
Айыпталуучу Эрмек Осмоналиев көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтып, бирок ага ЖМКнын өкүлдөрүнө катышууга тыюу салынышын судьядан өтүндү. Буга жабырлануучу тараптын жактоочусу каршы экенин билдирди.
"Бул окуя боюнча соттук териштирүү ачык болушу керек. Сотто жабырлануучу тарап айыпталуучуга карата сүйлөнүп, кыйкырып жатканы кадимки көрүнүш. Булар жакынын жоготту, муну эмоция катары туура түшүнүү керек. Ал эми журналисттер бул окуянын жүрүшүн чагылдырууда", - деди жактоочу.
Судья айыпталуучунун өтүнүчүн канааттандырган жок.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган. Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкекте болсо, калган экөө Орусияда абакта кармалууда.