Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусиянын аймагынан баш паанек суроо тууралуу Федералдык миграция кызматына расмий билдирүү жиберди. Бул маалыматты 16-июлда Коомдук палатанын мүчөсү, жактоочу Анатолий Кучерена билдиргенин өлкөнүн ММКлары жарыялашты. Жактоочунун айтымында, Сноуден менен анын жолугушуусу "Шереметьево" аэропортунда, баш паанек тууралуу кайрылуу даярдалган соң болуп өттү. "Ал мага телефон чалды, телефондон бир канча кеп-кеңеш айтылды. Аны биздин мыйзамдар, качкындарга каралган нормалар, саясий качкын деген статусту камсыз кылуудагы өкмөттүн токтому кызыктырды",- дейт Кучерена. Айта кетсек, буга чейин Сноуденге Орусиянын аймагында эркин басып жүрүүгө уруксат бериле тургандыгы тууралуу сөздөр айтылып келген. Айта кетсек, Эдвард Сноуден АКШнын атайын кызматынын жашыруун аракеттерин, европалык өлкөлөргө тыңшоо уюштурулуп жатканын жарыялап, АКШ бийлиги "мамлекеттик менчикке кол салуу" жана "жашыруун маалыматтарды таратуу" беренеси боюнча ага кылмыш ишин козгогон. Сноуден учурда Орусиянын "Шереметьево" аэропортунун аймагында баш калкалоодо.