Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: "Азыр Атамбаевди жоопкерчиликке тартса, муну куугунтуктоо саясаты деп баалабайм"

Жогорку Кеңеш кечээ, 14-декабрда экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратууга багытталган мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду. Учурда Роза Отунбаеваменен Алмазбек Атамбаев экс-президент статусуна ээ.

SUPER.KG порталынын "Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу бийликтин куугунтуктоо куралына айланып калбайбы?" деген соболуна конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Ал аталган мыйзам долбоорун президент сөзсүз колдошу керектигин айтты.

“Укуктук мамлекеттин көз карашы менен карай турган болсок, экс-президенттер кылмыш кылбаган болсо, бул мыйзамдан коркпосо да болот. Кылмыш кылса сөзсүз жоопкерчиликке тартылат. Ал эми Атамбаевдин мыйзам бузуп жатканы, бийликти узурпациялаганы президент учурунда эле айтылып келген. Текебаев президентке импичмент жарыялайлы десе, аны камакка алып койду го. Кол тийбестигине таянды да. Мыйзам бузса, баары жооп бериши керек. Азыр Атамбаевди жоопкерчиликке тартса, муну куугунтуктоо саясаты деп баалабайм. Себеби анын мыйзамсыз иштери президент учурунда эле айтылып жаткан. Менимче, президент бул мыйзам долбоорун сөзсүз колдошу керек. Аталган эреже мыйзамсыз иштерден кармап туруучу фактор болот. Президентти жоопкерчиликке тартуу үчүн парламент импичмент жарыялашы керек. Кызматтан алынган соң гана кылмыш ишин ачса болот. Өнүккөн өлкөлөрдө “экс-президенттин кол тийбестиги” деген түшүнүк жок”, - дейт Сооронкулова.

Саясатчы Таалатбек Масадыков, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Рита Карасартова жана Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан