Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков: "Күчтүү президент мыйзам чегинде иштесе, кол тийбестик статусуна мажбур эмес"

Жогорку Кеңеш кечээ, 14-декабрда экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратууга багытталган мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду. Учурда Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев экс-президент статусуна ээ.

SUPER.KG порталынын "Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу бийликтин куугунтуктоо куралына айланып калбайбы?" деген соболуна Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков жооп берди.

Ал мыйзам алдында баары бирдей болушу керек дейт.

“Негизи Конституцияда жазылган мыйзам алдында бардык жарандар бирдей. Ал статусуна жана ээлеген кызматына карабай тескей турган мыйзамдар бар. Буга чейин экс-президентке кол тийбестик берилген. Бул туура эмес, абсолюттук кол тийбестик болбошу керек. Кылмыш жасаган адам кандай гана статуста болбосун, жоопко тартылышы керек. Өнүккөн мамлекеттерде дагы мындай макам берилбейт. Мисалы, учурда Арменияда таза иштебеген, коррупциялык иштерге байланышы бар экс-президенттер жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылууда. Эгер адам чоң кызматка бара жатып, мамлекет, эл үчүн иштейм десе, ал мындай статуска мажбур эмес. Эгер мыйзам чегинде иш жүргүзсө күчтүү президент “каралардан”, уюшкан топтордон дагы коркпойт”, - деди Аскарбеков.

Саясатчы Таалатбек Масадыков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан