Укук коргоочу Рита Карасартова экс-президенттин кол тийбестиги боюнча: "Абсолюттук кол тийбестик эч кимге таандык болбошу керек"

Жогорку Кеңеш кечээ, 14-декабрда экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратууга багытталган мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду. Учурда Роза Отунбаеваменен Алмазбек Атамбаев экс-президент статусуна ээ.

SUPER.KG порталынын "Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу бийликтин куугунтуктоо куралына айланып калбайбы?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Ал кол тийбестиктин жок болгону аткаминерлерди чочулатып, кылмыш ишин жасатпоого түрткү берет деди.

“Абсолюттук кол тийбестик эч кимге таандык болбошу керек. Андай маселе жок. Кол тийбестиктин жок болгону - бул биздин президенттерди чочулатып, кылмыш жасатпайт. Эртеңки күнү менин үстүмдөн кылмыш иши козголуп калбасын деген сезим болушу керек. Мына ошондо алар кандайдыр бир кылмыштарга барбай, таза иштешет. Бүгүнкү күндө абсолюттук кол тийбестикти алып алышып эле жыргап жатышпайбы. Президент Сооронбай Жээнбеков куугунтуктоого алгандан алыс болот. Анткени бул Жээнбековдун өзүнүн эртеңки көрө турган күнү. Мен кылмыш кылбайын, таза иштейин, бийликтен кеткенден кийин жүзүм жарык болсун десе, бул бара-бара маданиятка айлана турган иш болуп саналат. Кол тийбестиктен ажыратуу чектен чыгуудан сактайт. Куугунтук бул соттор туура эмес иштеген жерде болот. Ошондуктан сот реформасы туура жасалса, эч качан куугунтукка алынбайт”, - деди укук коргоочу.

Саясатчы Таалатбек Масадыков, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Даниел Кадырбеков жана Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан