Жогорку Кеңеш кечээ, 14-декабрда экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратууга багытталган мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду. Учурда Роза Отунбаеваменен Алмазбек Атамбаев экс-президент статусуна ээ.
SUPER.KG порталынын "Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу бийликтин куугунтуктоо куралына айланып калбайбы?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.
Ал бийликте отурган президент, премьер-министр болобу, кабыл алынган чечимдердин артында куугунтукка алынбашы керек дейт.
“Кол тийбестик бийликте отурган президент же премьер-министр болобу, кабыл алган чечимдери үчүн куугунтукка калбайт дегенди билдирет. Бирок ал коррупциялык кылмыш иштери жана өзүнүн кызматынан кыянаттык менен пайдаланган аракеттеринен коргой албайт. Дүйнө жүзүндө ким болсо да кылмыш кылса, мыйзамды бузса, жоопко тартылышы керек. Бул мыйзамдын табияты. Анткени эч ким мыйзамдан жогору болбойт, бардыгы мыйзамдын алдында тең болот. Кыргыз мамлекетиндеги адам укуктарын коргогон институттар алсыз болуп жатат. Президентке көз каранды болуп, көп мыйзамдар иштебей калууда.
Ал эми коомдун аң-сезими бир аз көтөрүлгөн сайын мындай куугунтуктарга жана өзүнүн кызыкчылыгына мыйзамдарды тартып иштетүү азая баштайт деп ойлойм. Эгерде өлкө башчы диктатор деп эч нерсе өзгөртпөй жүрө берсек, анда жыйынтык чыкпайт. Ошондуктан мамлекеттик кызматтар, институттар өзүнүн жоопкерчилигин сезип, таза иштей баштайт”, - деди саясат таануучу.
Саясатчы Таалатбек Масадыков, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.