Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамы ишке кирди

16-июлда Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамы ачылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады. Кеңеш айылында жайгашкан Нарын аэропорту 1965-жылы ачылган. Бирок жүргүнчүлөрдөн суроо-талап түшпөй калгандыктан, Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейин эле каттам үзгүлтүккө учураган. Эми аптасына бир жолу, шейшемби күндөрү SKY Bishkek авиакомпаниясына таандык 35 орундуу SAAB-340 үлгүсүндөгү учак жүргүнчүлөрдү тейлейт. Билет баасы 2100 сом болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан