Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйыны болот. Анда "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы талкууланат.
Ошондой эле бир нече социалдык кызматкерлерди Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү маселеси каралат.