ЖЫЛНААМА, 17-ДЕКАБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова 42 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова 1976-жылдын 17-декабрында Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Ал 1999-жылы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинен экономист-чыгыш таануучу кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун 1997-жылы студенттик кезден баштаган. "Баласагын" менчик мектебинде корей тилинен мугалим болуп эмгектенген;

1998-2002-жылдары "Пхурыл Киль" ЖЧКсында котормочу;

2002-2005-жылдары "Хануль" ЖЧКсында негизги менеджер, котормочу;

2005-2006-жылдары "Венчур Си энд Си Плаза" компаниясында котормочу;

2006-2008-жылдары "Венчур Си энд Си Плаза" компаниясында негизги менеджер – котормочу;

2006-2010-жылдары кореялык PARK8 OPC Компаниясынын Кыргыз мамлекетиндеги жергиликтүү өкүлү;

2011-2015-жылдары "Silk road services" ЖЧКсынын генералдык директору;

2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.

17-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан