Алай районуна караштуу Күн-Элек айылында заманбап китепкана ачылат

Бүгүн, 17-июлда Ош облусунун Алай районуна караштуу Күн-Элек айылында заманбап китепкана ачылат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган китепкана заманбап технологиялар менен жабдылган. Долбоорго ылайык, китепкана компьютер, ксерокөчүрмө, сыналгы, музыкалык борбор, санариптик фотоаппарат менен камсыз болуп, ага келген окурмандар интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмакчы. Мындан сырткары бөбөктөр үчүн да кошумча шарттар түзүлгөн. Моделдик китепкананын негизги максаты  – жергиликтүү калкка билим берүү, компьютер менен иштөөнү жана программаларды үйрөтүү, ошондой эле, айыл жаштарын убакытты үнөмдүү жана пайдалуу колдонууга үгүттөө болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан