"Мамлекеттик ооруканалар жарандардан көмүскө акча алганды качан токтотот?" Мындай маселени депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү.
Ал мамлекеттик оорукана менен менчик оорукананын жарандардан акча алууда айырмасы жок экенин айтты.
"Бекер дарыланабыз деп жарандар атайын мамлекеттик ооруканаларга барат. Ал жактан ар бир кабинеттин ичинде көмүскө баалар бар экен. Андай болсо ачык эле көрсөтүп жазып койгула, эл да ошого жараша акчасын камдап келет да. Мындай жоругуңарга жарандар нааразы болушууда", - деди Жапаров.
Мындан тышкары депутат дарыгерлердин айлык акысы канчага жогорулаганын сурады.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы 2019-жылдын башынан 15 пайызга жогорулайт деп жооп берди.