Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Мурдагы президенттердей эле азыркы президент бардык бийликти өзүнүн колуна топтоп жатат"

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан. Мындан улам коомчулук президент ыйгарым укугунан аша чапты деп сынга алды.

SUPER.KG порталынын "Президенттин премьер-министрдин иштерине кийлигишүүсү өлкөнү кандай жолго алып барат?" деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков жооп берди.

Равшан Жээнбеков белгилегендей, президент өкмөттүн ишине түздөн-түз кийлигишип жатканы узурпация деп аталат.

"Бизде бийликке келген президенттердин бардыгы ушул өңүттө Конституцияны бузушат. Президенттер билип-билбей же атайылап бийликти узурпациялоого өтүшөт. Өкмөттүн, соттордун функциясын өзүнө өткөрүп алат. Парламентти кол жоолукка айлантып алышат. Президент өкмөттүн ишине түздөн-түз кийлигишип жатканы бардык мамлекеттерде узурпация деп аталат. Биздин өлкөдө мындайга көңүл бурбайт. Ошондуктан президенттер каалаганын кыла беришет. Бул Конституцияга, эл аралык президент менен өкмөттүн бийликтерин чектөө боюнча практикага дагы туура келбейт.

Мындай көрүнүш бийликти бир адамдын колуна топтоо болуп эсептелет. Мурдагы президенттердей эле азыркы президент дагы бийликти өзүнүн колуна топтоп жатат. "Бардыгын мен башкарам, баарынан акылдуумун, тазамын" деген президент кеткенден кийин эле таза эмес, эң көп мыйзамды бузган, коррупциялашканын түшүнөбүз", - дейт Равшан Жээнбеков.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Марат Казакбаев, эксперт Руслан Акматбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан