Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан. Мындан улам коомчулук президент ыйгарым укугунан аша чапты деп сынга алды.
SUPER.KG порталынын "Президенттин премьер-министрдин иштерине кийлигишүүсү өлкөнү кандай жолго алып барат?" деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жооп берди.
Ал билдиргендей, өкмөттүн курамын кызматтан четтетүү президенттин демилгеси менен сунушталбашы керек.
"Мындай сунушту премьер-министр берсе болот же парламенттин ишеним көрсөтпөөсү менен өкмөттүн мүчөсү кызматтан кетет. Күч органдарынын тергөө кызматынын сунушу менен транспорт жана жолдор министринин орун басарына кылмыш иши козголгонуна байланыштуу тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн, министр кызмат абалынан пайдаланбашы үчүн аны убактылуу кызматтан четтетүү жөнүндө сунушту президентке Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бериш керек эле. Бирок бизде тескерисинче болуп жатат. Ак Үйдүн 7-кабатынан ылдый кетип жатат. Бул президенттин ыйгарым укуктарына кирбейт. Ошондуктан президенттин коопсуздук кеңешинде айтып жаткан сөздөрү өкмөттүн ишине кийлигишүүсү дегенди түшүндүрөт. Президенттин премьер-министрдин ишине кийлигишкени парламенттик башкарууга, демократиялык, укуктук мамлекет курганга сокку. Парламенттик башкарууга Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаеванын убагында өтө алган жокпуз. Азыркы президенттин иштегенине бир жыл болсо да парламенттик башкаруудагы мамлекетке айлана элекпиз. Мамлекет башчынын коопсуздук кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөздөрү парламенттик башкарууга өтпөй жаткандыгыбызды, Конституциядагы өкмөттүн ыйгарым укуктары толук кандуу ишке кирбей жатканын түздөн-түз далилдеп койду", - дейт Келдибаев.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова, экс-депутат Равшан Жээнбеков саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Марат Казакбаев, эксперт Руслан Акматбектин пикири төмөнкү шилтемеде.