Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан. Мындан улам коомчулук президент ыйгарым укугунан аша чапты деп сынга алды.
SUPER.KG порталынын "Президенттин премьер-министрдин иштерине кийлигишүүсү өлкөнү кандай жолго алып барат?" деген соболуна саясий серепчи Бакыт Бакетаев жооп берди.
Ал бүгүнкү күндө парламенттик башкаруу деп туура эмес аталууда дейт.
"Конституцияны жакшылап окусак, анда президентте башкарууга негиз бар. Анткени Конституцияда президенттин укуктары көп жана бир топ иштерге жооптуу. Атамбаевдин учурунда деле парламенттик башкаруу деп аталганы менен, бардык иштерге президент жооптуу да, күнөөлүү да болду. Азыркы учурда деле жакшы-жаман иштерге жооптуу Сооронбай Жээнбеков болот. Президент кийлигишпесин десе анда өлкө башчыны депутаттар шайлап, толугу менен парламенттик башкаруу кылуу керек. Конституцияны жазган тиешелүү адамдар баш аламан жаза беришип, өздөрү да түшүнбөй калышты. Бизде парламенттик башкаруубу же президенттик башкаруубу? Президент өкмөттүн ишине кийлигишпесе күнөөлүү өлкө башчы болуп калышы толук мүмкүн. Бирок президент премьер-министрдин ишине кийлигишкени эч кимге жакпайт. Мурдагы өлкө башчылар Акаев, Бакиев, Атамбаев деле бардык ишке кийлигише беришип, эч кимге жакпай кетишти го. Ошондуктан президентти парламент шайлап, ал эл аралык маселелерди гана чечүүсү зарыл. Ал эми өлкө аймагында болгон бардык иштерге премьер-министр жооптуу болуп, Жогорку Кеңештин депутаттары андан отчёт алышы керек", - деди Бакетаев.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясий серепчи Марат Казакбаев, эксперт Руслан Акматбектин пикири төмөнкү шилтемеде.