Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан. Мындан улам коомчулук президент ыйгарым укугунан аша чапты деп сынга алды.
SUPER.KG порталынын "Президенттин премьер-министрдин иштерине кийлигишүүсү өлкөнү кандай жолго алып барат?" деген соболуна эксперт Руслан Акматбек жооп берди.
“Тилекке каршы, учурда экс-президенттердин жасаган ката иштеринин жолуна түшүп калгандайбыз. Барып-барып эле бардык маселелер бир кишиге такалып калууда. Президент гана маселе көтөрүп, көзөмөлүнө алганда жыйынтык болуп жатат. Бул жакшы көрүнүш болушу мүмкүн. Бирок институт катарында премьер-министр жокко чыгарылып калып жатат. Ошондуктан өкмөт өзүнө тиешелүү маселелерди бирөөдөн тапшырма албай чечүүсү керек. Анткени ал өкмөттү башкарган саясий лидер. Экономикалык иштерди дагы өкмөт демилгелеп, жоопкерчиликти алыш керек эле. Ал эми мындай кадамдар президенттин бийлигин күчтөндүрөт, бирок кандайдыр бир деңгээлде өкмөттү алсыратат.
Президент менен өкмөттүн ортосунда кээ бир учурларда саясий жарыш болушу керек. Кээ бир учурда бири-бирине көмөктөшүүсү зарыл. Бизде өкмөт “кол” баладай болуп калды. Мындай кете берсек, өлкөнү жакшылыкка алып барбайт. Өкмөттү парламент бекиткенден кийин өзүнчө бир демилге көтөрүп, орчундуу маселелерди көтөрүп премьер-министр өзүнүн позициясын көрсөтүшү керек. Бирок бизде өкмөт башчы президенттин көлөкөсүнөн чыкпайын, андан ашып кетпейин, пиар болуп калат деген түшүнүккө ээ болуп калды. Минтип отурса президенттик институтка да зыяны тийип калышы мүмкүн. Эгерде саясий жана экономикалык институттар толук кандуу иштесин десек, анда өкмөт күчтүү болуусу зарыл”, - деди эксперт.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.