Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан. Мындан улам коомчулук президент ыйгарым укугунан аша чапты деп сынга алды.
SUPER.KG порталынын "Президенттин премьер-министрдин иштерине кийлигишүүсү өлкөнү кандай жолго алып барат?" деген соболуна саясий серепчи Марат Казакбаев жооп берди.
Ал өкмөт башчы менен спикер айрым маселелерде унчукпай отурганы үчүн ал маселеге президент кийлигишип жатканын белгиледи.
"Бизде парламенттик систем болгондон кийин парламенттик системди бекемдеш керек деген сөздөр айтылып жатат. Бирок азыр көрүп жаткандай президент ыйгарым укуктарды өзүнө алып жатат. Фракция башчылары, спикер, премьер унчукпай отурушпайбы? Булар өзү чара көрбөй жатышпайбы? Спикер такыр эле активдүү эмес, саясий фигурадай көрүнбөйт. Менин оюмча, президент айла жоктон "эмнеге муну кылбай жатасыңар" деп киришип жатат. Бирок андай болбошу керек. Парламенттик системде эң биринчи спикер активдүү болушу керек. Анан өкмөт. Өкмөт башчынын да ыйгарым укуктары көп. Буларды карап парламент дагы жакшы иштебей жатат. Министрди өкмөт башчы деле кызматтан түшүрүп койсо болмок, бирок аны президентке жеткирип коюшту. Президент министрди кызматтан алуу тууралуу айтты, бирок саясий практикада андай болбошу керек", - деди Казакбаев.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, эксперт Руслан Акматбектин пикири төмөнкү шилтемеде.