ЖЫЛНААМА, 18-ДЕКАБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев 56 жашка толду

Жогорку Кеңешитин депутаты Абдыбек Дүйшалиев 1962-жылы 18-декабрында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

Ал 1983-жылы Ташкенттеги Геолого-чалгындоо техникумунан Техник чалгындоочу кесибин бүтүргөн. 1991-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтунун автомобиль жолдору, инженер куруучусу кесибин бүтүргөн.

Эмгек жолун 3 разряддагы бургулоочу болуп “Кумтөр” чалгындоо отрядында баштаган. 1991-жылдын ноябрь айынан баштап эмгек жолун Чүй облусунун мамлекеттик автоинспекция бөлүмүндө жол патрулдук кызматында уланткан.

1991-2001-жылдары Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүндө ага тескөөчү болуп иштеген.

2001-2006-жылдары Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн ага тескөөчүсү.

2006-2008-жылдары Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын Ысык-Ата райондук каттоо бөлүмүнүн башчысы.

2008-2009-жылдары Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын каттоо, анализдөө жана алдын алуу борборунун башчысы.

2009-2010-жылдары Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын көзөмөл каттоо бөлүмүнүн башчысы.

2010-жылдын февраль айынан тарта өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин башкы адиси болуп иштеген.

2010-жылдын апрелинен 2014-жылдын ноябрына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору кызматын аркалаган.

2017-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

18-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан