Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева 1951-жылы 18-декабрда Нарын шаарында туулган.
Ал 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1975-жылы Ленинград шаарындагы Салтыков-Щедрин атындагы китепкананын техникалык бөлүмүндө китепканачы болуу менен баштаган. 1983-жылдан 1991-жылга чейин Бишкек шаарындагы №37-орто мектепте иштеген.
1991-1994-жылдары Бишкек шаарындагы №47-мектептин директору;
1999-жылдан 2001-жылга чейин "Сорос-Кыргызстан" фондунун директорлор кеңешинин төрайымы;
2002-2003-жылдары "Сорос-Кыргызстан" фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү;
1993-жылдан 2010-жылга чейин "Интербилим" эл аралык борборунун директорунун кызмат ордун ээлеген;
2010-жылдын октябры "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттыгына шайланган.
18-декабрга карата жылнаама.