Бүгүн, 18-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сереп салабыз.
Бийлик бардык жарандардын банктагы байлыгы боюнча маалымат алууга киришти.
Өкмөттүн алдындагы Финансылык чалгындоо кызматы бардык банктардан жарандардын эсептери жана ячейка ээлери тууралуу маалымат тапшырууну талап кылууда. Тийиштүү документтин көчүрмөсү интернет желесине тарады. "Кызматтык пайдалануу үчүн" деген гриф коюлган катта "Террористтик ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын камсыздоо максатында банк эсептеринин жана ячейкалардын реестрин түзүүнүн жаңы формасы бекитилгени айтылат. Мекеменин билдиришинче, банк эсептеринин жана ячейкалардын реестрин түзүү Финансылык чалгындоо кызматынын аналитиктеринин ишинин эффективдүүлүгүн күчөтүп, жашыруун маалыматтардын сыртка чыгып кетүү тобокелдигин азайтат. Банктар бардык кардарлардын маалыматын Финансылык чалгындоо кызматына жиберишмекчи.
Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттар бул аракетке каршы чыгышты. Депутат Азамат Арапбаев "баарын текшеребиз" деген аракет өлкөдөн инвестордун баарын качырат деп, Акылбек Жапаров да бул аракетти туура эмес деп каршы болду. Ал эми депутат Салайдин Айдаров мындай талаптардан улам жарандар банктагы акчаларын алып чыгып кетүүгө аракет кылат деп эскертти.
Быйыл жайында Жогорку Кеӊеш "Террористтик ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизген. Өкмөттүн бул сунушун талкуулоодо айрым депутаттар долбоордогу “шектүү акча которуу” деген жаңы түшүнүктүн өзү шектүү экенин, бул мигранттардын өлкөгө акча которуусунда чоӊ маселе жаратышы мүмкүн экенин эскертишкен. Деген менен мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков августта кол коюп, күчүнө кирген.
Президенттик аппарат бул мыйзамдын күчүнө кириши менен террордук ишти каржылоону алдын алуу боюнча иштин натыйжасы артат, өлкөнүн инвестициялык климаты жакшырат, өлкөдөн тышка мыйзамсыз чыгарылып кеткен акчаларды издөө жана кайтаруу үчүн кошумча механизмдер түзүлөт деп маалымдаган. Ал учурда депутаттык корпус банкка акча сактаган бардык жарандар тууралуу финансылык чалгындоо кызматына маалымат берилип турарына азыркыдай маани берип, талкуу кылышкан эмес. Депутаттарга Зилалиевдин банк ячейкасындагы долларлары боюнча видео депутаттарды эсине келтирди көрүнөт.
Интернетке сүрөтү тараган документке караганда, Финансылык чалгындоо кызматынын банкта мүлкү бар бардык жарандар тууралуу маалымат берүү буйругу 6-декабрда чыгарылган. Финансылык чалгындоо кызматын 2018-жылдын июлунан бери Гуламжан Анарбаев жетектеп жатат. Көп жыл Ош аймагында жооптуу кызматтарда турган бул чиновник президент Сооронбай Жээнбековдун жакын адамдарынын бири экени айтылып жүрөт. Анарбаев мындай маалыматты төгүндөп, бирок президенттин кудасы Алиярбек Абжалиев менен бир айылдан экенин, аны менен бирге өскөнүн маектеринин биринде билдирген. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамында банктар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдарды аткарууга милдеттүү экени, ал үчүн кардардан макулдук суралбай турганы жазылган. Башкача айтканда, жогорудагы мыйзамга таяп, банктар жарандардын банктык эсеби жана ячейкасы жашыруун сыр деп саналганына карабай кардар тууралуу Финансылык чалгындоо кызматына маалымат бере алышат. Ушундан улам жогоруда жарыяланган документ талкуу жаратты. Терроризмге каршы күрөшүү керек, бирок бийликтин банкта мүлк сактаган бардык жарандардын байлыгын билиши канчалык туура деген суроо жаралат. Эгер бирөөгө күмөн жаралса, укук коргоо органдары ошол адамдын өзүн текшерүүгө алып, банктагы каражатын иликтесе болот. Ал эми бардык жарандар тууралуу маалымат талап кылуу - жарандарды банкка акча, дегеле байлык сактоодо чочулатат. Бул акчаны сыртка чыгарууга түртүшү мүмкүн. Биринчи кезекте Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңеште отурган депутаттар өңдүү Кыргыз чиновниктерин...
18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү. Бул күндүн урматына Бишкекте түрдүү жыйындар өтүп, Кыргыз мигранттарынын абалы талкууланды. Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү координатору Озонниа Ожиелонун айтымында, дүйнө жүзүндө мигрант статусуна ээ 68 миллион адам бар. Ал бардык мамлекеттер мигранттардын мүмкүнчүлүктөрүн өз өлкөсү үчүн пайдалануу жолун издей турганын айтат. "Мигранттардын арасында, балким, жумалап жуунганга мүмкүнчүлүк таппай жүргөндөрү бардыр. Бирок миграция өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги себептеринин бири. Анткени мигранттар которгон акча өлкө экономикасынын басымдуу бөлүгүн түзөт. Биз аларга кам көрүшүбүз керек. Мамлекет жетекчилери мигранттарды өлкөдө алып калып, алардын билимин, мүмкүнчүлүктөрүн өлкөнүн өнүгүүсү үчүн пайдалануунун жолдорун издеп келет", - дейт Ожиело.
Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов Орусиянын "кара тизмесине" кирип калуу үчүн 2 жолу миграция мыйзамын бузуу жетиштүү дейт. Мисалы, коомдук жайда тамеки тартуу, жол чырактын кызылы күйүп турганда өтүп кетүү мекендештерди "кара тизмеге" илип койгон учурлар болгон. Айтымында, Орусияда Кыргыздын миграция кызматынын 9 өкүлү гана иштейт. Эмнеликтен Кыргыз жарандары дээрлик жок шаарларга консулдук ачпай, кыргыздар көп жүргөн аймакка көӊүл бурууну күчөтүүгө болбосун? Мекендештер көп жүргөн аймак Орусия менен Казакстан. Расмий маалымат боюнча, Кыргыздын 700 миӊдей жараны чет жерде миграцияда жүрөт, реалдуу цифра миллиондон ашары анык. Мигранттардын агымын токтотууга мүмкүн боло элек. Адахан Мадумаров быйылкы жылы эле өлкөдөн 220 миӊ Кыргыз жараны Орусияга чыгып кеткенин айтып,муну өлкөдө жашоо күн сайын кыйындап баратканына байланыштьрды. Өкмөт бүгүн Кыргыз жеринде жүргөн Кытай жарандары тууралуу расмий маалымат таратты. Ага таянсак, 2018-жылы Кыргыз жерине 35 миң 215 Кытай жараны кирип, 34 миң 436 Кытай жараны өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми анын 21 миң 17си Кыргыз мамлекетинин визасын алган. 11 миң 966 Кытай жараны убактылуу жашоого уруксат алса, алардын ичинен 9 миң 498и убактылуу иштегенге уруксат алган. Өкмөткө ишенсек, 2010-2018-жылдары 268 Кытай жараны Кыргыз жарандыгын алса, анын 171и кыргыз, 72си уйгур, тогузу өзбек, алтоо кытай, тогузу дунган жана бирөө казак улутундагылар болгон. 60 жаран Кытай жарандары менен расмий үй-бүлө курушканы айтылат маалыматта. Бул расмий маалыматка ишенбегендер да арбын. Өкмөттүк аппарат жарандарды Кытай жарандары боюнча чакырыктарды жасоодо этият болууга үндөп, туура эмес чакырыктар Кыргыз-Кытай кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын эскертти. Бул эскертүүнүн да чындыгы бар, ошол эле кезде коомчулук коӊгуроо кагып, баса белгилеп көрсөтүп жаткан көйгөйдү да кулак сыртынан кетирүүгө болбойт...
Кыргызда 2 миӊ 731 адам алимент төлөбөгөнү үчүн издөөдө жүрөт. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов билдирди. Депутаттар алимент төлөбөй, Орусияда жүргөн жарандарга кандай чара көрүлөрүнө кызыгышты. Ибраимов Минск конвенциясына ылайык, сот чечими Орусияга жөнөтүлөрүн айтат. Эгер алимент төлөөчү иштеп жатса анда айлыгынын бир бөлүгү кармалат, эгер иштебей жатса карыз топтоло берет. Парламент комитети балдарга алимент өндүрүүнү жакшыртууга багытталган мыйзамдын долбоорун талкуулады.
Жубайлардын ажырашууларында башкы көйгөй - баланын абалы. Бала кайда, кимдин колунда жүрсө да корголууга тийиш. Өкүнүчтүүсү мамлекеттик органдарда балдардын ырыскысына кол салган учурлар катталды. Мисалы, жакында Токтогул райондук прокуратурасы алиментке деп которулган 175 миӊ сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан деп "Кыргыз почтасынын" Токтогулдагы филиалынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Алимент төлөбөй качып жүргөндөр да көп. Ал эми ата-энеси чет жерге иштегени кетип, туугандарынын кароосунда калган балдар зордук-зомбулукка кабылган окуялар токтой элек. Өкмөттүк жыйындарда, тегерек столдордо чиновниктер "балдар өлкөнүн келечеги" деп айткандан чарчабайт, бирок иш жүзүндө балдар кам көрүүгө, коргоого, көңүл бурууга муктаж бойдон калууда...