Депутат Кожобек Рыспаев: "Өкмөттүн иши өтө жай жүрүп жатат"

Быйыл 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев командасы менен өкмөткө келген. Андан бери 8 ай өттү, бул убакыттын ичинде 5 министр кызматтан кетти. SUPER.KG порталынын "Абылгазиевдин өкмөтү жүктөлгөн милдетти аркалай алдыбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жооп берди.

Анын айтымында, депутаттар өкмөттүн кадр маселелерине кийлигише берип, ишин алсыратууда.

"Өкмөттүн бир жылдык отчётун ала элекпиз. Бул отчётту угуп, анан баа берүү керек. Негизи өкмөттөгү чуулгандуу окуялар, чиновниктин пара менен кармалганы жакшы нерсе эмес. Мындай нерселер жакшы баа бербейт. Өкмөттүн иши өтө жай жүрүүдө. "2" деген баа койбойм, анткени иштер болуп жатат. Өкмөт ыкчам иштеш керек. Ыкчам багыттарга барышы зарыл. Көп тармактарда, айрыкча, өндүрүш тармактарында эрктүү чечимдерди кабыл алыш керек.

Бир эле өкмөттү күнөөлөй бергенден алысмын, себеби парламенттик башкаруу болгондон кийин өкмөттүн ишине фракциялардын кийлигишүүлөрү көп болуп жатат. Фракция лидерлеринде, депутаттарда "фракциябыздын квотасы, биздин киши барыш керек" деген түшүнүк пайда болуп калган. Ошон үчүн өкмөттү дагы бир тараптуу күнөөлө бербей, ага дагы мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Өкмөт өзү баарын түзүп, өзү жооп бергидей кылуу зарыл. Фракциялар, депутаттар тарабынан көптөгөн кийлигишүүлөр боло берсе, өкмөттүн жумушуна залакасы тиерин биз чогуу билебиз. Биз өзүбүз кадр саясатына кийлигишүүнү токтотпосок, өкмөттүн иши алсырай бериши ыктымал", - деди Рыспаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Аалы Карашев, Рыскелди Момбеков, Умбеталы Кыдыралиев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан