Быйыл 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев командасы менен өкмөткө келген. Андан бери 8 ай өттү, бул убакыттын ичинде 5 министр кызматтан кетти.
SUPER.KG порталынын "Абылгазиевдин өкмөтү жүктөлгөн милдетти аркалай алдыбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жооп берди.
Эл өкүлү азыркы өкмөттүн ишин сынга алды.
"Биз өкмөттү апрель айынын аягында шайлаганбыз. Адатта Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, өкмөттүн ишине апрель айында баа берилет. Өкмөттүн бекитилген түзүмүнүн түшүмүн ошондо карайбыз. Жеке пикиримде, өкмөт Жогорку Кеңеш тарабынан берилген ишенимди актай алган жок. Экономикалык өсүш, коррупцияга каршы күрөш солгундап кетти. Кадр саясатында башаламандык болуп жатат. Бул арада ири инвестор алып келишкен жок. Канча убакыттан бери ишке ашыра албай келген чуулгандуу "Коопсуз шаар" долбоору дале ишке кире элек. Оштогу цемент заводу, Таластагы төө буурчак заводу да жеке ишкерлердин колдоосу менен иштеди. Бажы салыгын жыйноо жаатында планды аткара алган жок.
Апрель айында өкмөттүн ишине "канааттандырарлык эмес" деп баа берсек өкмөт отставкага кетиши керек болот. Өкмөттүн курамы бекитилип жатканда "балдардын өкмөтү кетип, чалдар келип жатат" дедим эле. Мына чалдар чарчап калды. Бул кадр саясатындагы калпыстыкты билдирет. Жаш министрди алып келсе, реформа жаратат беле деген ишеним бар болчу. Эски кадрларды бийликке алып келгенде этеги эмне болду? Ара жолдо оодарылып кетти", - деди Момбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Аалы Карашев, Кожобек Рыспаев, Умбеталы Кыдыралиев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.