Апрель окуясында адамдарга карата курал колдонгон деп 20 жылга кесилген Мурат Суталинов азыр колонияда. 28-декабрда кайра онкология борборуна которулат

Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) мурдагы төрагасы Мурат Суталинов азыркы тапта колонияда. Ал 28-декабрда кайра онкология борборуна которулат.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, Суталинов 10 күн ооруканада, 10 күн колонияда болуп жатат.

Буга чейин Мурат Суталинов бөйрөк оорусуна байланыштуу абактан Улуттук онкология борборуна которулганы белгилүү болгон.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан