Өкмөт Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет. Мурдагы жыйындарда аталган маселе каралып, бирок убакыт жетпегендиктен жылдырылган.
Буга чейин өкмөттүн маалыматын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети уккан.
Ушул жылдын 4-сентябрында "Коопсуз шаар" боюнча өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгында орусиялык "Вега" компаниясы жеңүүчү катары сунушталган.
Ал эми ушул эле аукциондун экинчи катышуучусу болгон “Маалыматтык системдер коопсуздугу” ишканасы нааразы болуп, көз карандысыз комиссияга кайрылган. Комиссия бул билдирүүнү карап чыгып, сынактык комиссиянын чечимин биротоло жокко чыгарган. Бирок Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети бул боюнча Бишкектеги райондор аралык сотко арыз берген. Сот 2-ноябрда комитеттин арызын карап, канааттандырган. Долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге 12-ноябрда кол коюлган.