Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды

3 миң жылдык тарыхы бар Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Мындай чечим "Түрксой" маданий уюмунун туруктуу кеңешинин Түркиянын Кастамону шаарында 18-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынганын Ош мэриясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, маданий уюмдун XXXVI жыйыны 10дон ашык түрк элдеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, анын жүрүшүндө уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеинов 2019-жылы түрк маданий борбору катары Ош шаарын сунуштады. Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов чыгып сүйлөгөн соң уюмдун мүчөлөрү сунушту бир добуштан колдоп беришти.

Андан кийин Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Ош мэри Сарыбашовго түрк маданий борборунун эмблемасын расмий түрдө тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aibars
2018-12-19 10:24:47
Кыргызстандын кереметтуу Ош шаары татыктуу.
+3
Kairat1996
2018-12-19 11:04:34
Эми турктордун каада салтына кирип кетпегиле. Анысы ас келгенсип арабтардын каада салтын, оронгон - чуулганган кийимдерин, сапсайган сакалдарын, исламий фанатизди "дин, ишеним" - деп кабыл алып журушот. Бул - эн чон адашкандык.
-7
Mart19
2018-12-19 11:11:19
Kairat1996,туура айтасын Кыргыз экенибизди
Унутуп бараткандайбыз
-2
Asman...
2018-12-19 11:25:58
Kairat1996,Эмнеге эвропанын кийимин кийип ХХХХ башы ачык тошу ачык, жырты-журтук кийингендер козунорго корунбой оронгон сакал койгон дин жолунда жургондор корунот??? Алланын буйругун аткарган адам эч качан адашпайт тууганым. Кыргыз болуп кочодо кыргызча кийинесинби сен? Кыргыз качан жарым жыланач кийинип журчу эле.
+2
Kairat1996
2018-12-19 15:12:30
Asman...,
Алланын буйругу деп коюп, арабтардын буйругун аткарып жаткан жокпубзбу я?
-2
AIA-TOO
2018-12-19 13:13:39
Kairat1996, Анда эмне жарым-жылаңач кийинип, атасынын, агасынын, жада калса көчөдөгү карыяларга чейин жоон санын, төшүн көрсөткөн европанын маданиятын колдоп, ошолорду ээрчип алыш керекпи? Жмнеге ушул жыртык, тешик, жарым карыштык кыска кийимдерди айтпай оозуңарга талкан салып аласыңар?))).
+2
J1irg
2018-12-19 15:19:34
Эвропанын жашоосуна жетип алалычы, чем диндин фанаты болуп жургончо. Диний фанат болуу менен эч бир жакшылыка жетпейбиз. Арабтар кыргыздарга алланын созу деп алдап, оздорунун 7 кылымдагы тушунукторун тануулап жатышат го.
-1
Aikaaaa
2018-12-20 00:03:56
Европаны жаман көрүп коёсуңар, ошо качкын мусулмандар европаны сагалап, башпаанек сурап жүрүшөт го. Жаман болсо эмнеге барышат. Дүйнөдөгү бай өлкө болгон мусулман өлкө Катар киргизбейт
-1
Asman...
2018-12-20 11:14:51
Аллахым силерге ыйман берсин. Оомин ......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан