Бүгүн, 19-декабрда парламенттик жалпы жыйында депутат Зарылбек Рысалиев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурда президент Сооронбай Жээнбековду ынтымакка чакырган кайрылуу жасады.
"Урматтуу Алмазбек Шаршенович, президент эң таза адам деп түшүнчүбүз. Кийинчерээк сиздин атыңызды өзүбүздүн балдарыбызга берип калганбыз. Аларды эркелетип, жакшы оку, кийин президент болосуң дечүбүз. Бирок азыр балдарыбыздан президент болосуңбу десек так жооп бере албайт. Учурда президент өтө кир сөз болуп калды. 2011-жылы сизге элдин 98 пайызы ишенип, президентикке шайлаган. Бул айткандарым менен сизди каралайын дегеним жок. Элди ынтымакка чакырбайлыбы? Президенттик тактыны тынчтык жолу менен бердиңиз. Аныңыз эрдик. Бирок эки тизгин, бир чылбырды бербейсизби?
Урматтуу Сооронбай Шарипович, 6 жылга биздин Манасыбыз болуп келдиңиз. Сиз бүгүн жакшы иштерди баштап жатасыз, баарына тегиз, түз кароодосуз. Аймактарды өнүктүрүүгө миллиондогон акчаларды бөлдүрүп жатасыз. Бирок кыргыз элине ынтымак керек. Жаңы жылга жаңы кадамдар, жаңы ийгиликтер менен кирбейлиби? Эл башчылары, элди ынтымакка чакыруу сиздердин колуңуздарда", - деди Рысалиев.