"Коопсуз шаар" долбоору 2 миллиард 550 миллион сом менен башталган. Уткан компания 2 миллиард 320 миллион сом сунуштады". Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламент жыйынында айтты.
Анын айтымында, бул менен мамлекет 230 миллион сом үнөмдөй алды.
Депутат Кубанычбек Нурматов Грузия "Коопсуз шаарды" 50 миллион доллар менен ишке ашырганын айтты.
"XXI кылымда бул долбоорду ишке киргизебиз деп 7 жылдан бери жүрөбүз. Бүгүн эми чекит коюп, колдоп, өткөрүшүбүз керек. Өткөндө бул ишке ашса, ГАИлерди кыскартпайсыңарбы деген сунуш түштү. Мен тескерисинче көбөйтүш керек деп ойлойм", - деди ал.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов аталган долбоорго 101 кызматкер каралганын айтты.
"101 штат каралган. 4 бөлүм, бир жетекчи менен иш алып барат. Долбоор ишке ашса, бардык жерде жол кайгуул кызматкерлери турбайт. Керектүү учурда гана барат. "Коопсуз шаар" ишке киргенден кийин гана патрулдук милицияны түзүү орундуу деп эсептейм", - деди Асанов.