Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” токтомдун долбоору талкууланууда.
Талкууда депутат Айнура Осмонова "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга алынган жабдуулардын иштөөсүнө канча жылга кепилдик берилерин сурады.
"Жабдуулар бир жылдан кийин иштен чыгып калбайбы? Анын иштөө сапатына ким кепилдик берет? Мындай долбоор аймактарда качан ишке ашат жана бир жылда канча каражат түшөт?" - дейт эл өкүлү.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жылына 1 миллиард сомдон ашык каражат түшөрүн билдирди.
"Беш жылда 5 миллиард 300 миллион сом каражат түшөт. Аймактарда экинчи этапта 2019-жылдын январь айынан башталат. Ага 230 комплекс каралган. Учурда техникалык жактары каралып жатат. Келишим боюнча жабдуулардын иштөө сапатына 5 жыл кепилдик берилди. Жабдуунун сапатына Орусиянын "Вега" компаниясы жоопкерчилик алат", - деди Шаршембиев.