"КСДП Атамбаевсиз" кыймылына тиешем жок" дейт мамлекет башчы

Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков биринчи ирет журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Анда "КСДП Атамбаевсиз" деген кыймылдын акыркы учурлардагы жыйыны тууралуу сөз болуп, аталган кыймылга президенттин тиешеси бар же жоктугу тууралуу суроо берилди.

"Ал кыймылга тиешем жок. Мен КСДПнын катардагы мүчөсү эмес, партиянын оош-кыйыштары, оор мезгилинде турган жетекчилеринин биримин. Биз 2007-2010-жылдары катардагы мүчөлөрү менен турганбыз. Бир кездеги абдан күчтүү партиянын азыркы абалын көрүп жүрөгүм ооруп жатат. Ал мага жөн эле партия эмес, ал партияда жаштыгыбыз өткөн. Партиянын азыркы абалына келгенинин себебин Жээнбековдон эмес, башка жактан издеш керек. Мен президент болгондон кийин партияга мүчөлүгүмдү токтоттум", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан