Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин ордуна башка тажрыйбалуу элчи келет. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"Азыркы элчи аракет кылды, жаңы элчиге бардык кызматтарды элчилик алдында бириктирүү тапшырмасын беребиз. Миграция кызматы, ИИМ элчинин астында болуш керек.
Маселе көп. Чет жактарда 800 миңдей мекендешибиз жүрөт. Алардын 640 миңи Орусияда. Максатыбыз - алардын шартын жакшыртуу. Орусия "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча жардам берип жатат", - деди Жээнбеков.
Болот Отунбаев 2016-жылы 9-мартта Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.