Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков биринчи ирет журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Анда кээ бир маселелер боюнча президент тарабынан реакция жасалбай жатканы тууралуу суроо берилди. Буга мисал катары Кытайда этникалык азчылыктарга, кыргыз, казак, уйгурлардын "тарбия берүүчү лагерлерге" камалып жатканы боюнча маалыматтар айтылды.
"Кытайдагы кыргыздар боюнча бул татаал маселе. Ага аяр мамиле кылуу керек. "Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" деп ата-бабалар айтып кеткен. Бизде азыр кытай улутундагылар камалып жатат. Алар бакырган жок да. Ал жактагы кыргыздар Кытай өлкөсүнүн жарандары. Алар Кытайдын мыйзамына жооп берет. Биз алардын ички саясатына кийлигише албайбыз. Кечээ алардын бири бошотулду, буга этият мамиле кылуу керек. Биз көп улуттуу өлкөбүз. Анан бизге бирөө кийлигишсе болобу? Бул келечекте мамиле бузулбашы үчүн, корккондон эмес. Мен "чыккыла, мушташабыз" деп бакырып чыксам эле бул маселе чечилип кетсе, мен биринчи болуп чыгат элем. Бирок мунун өзүнүн эрежеси бар. Кытай - азыр экономикасы өнүккөн өлкө. Кошуналар менен биз жакшы мамиле түзүшүбүз керек. Мындай жерде өзүнүн эрежеси бар. Биз стратегиялык өнөктөшпүз, биз кол койгон келишимдер бар, биз иштеп жатабыз", - деди Жээнбеков.
Мындан сырткары Кыргыз-Кытай чек арасынан кирип-чыккан жарандар тууралуу маалыматты кошумчалады. "Чек арадан 35 миң 215 миң адам кирип, 34 миң 436 миң адам чыкты. Бул 2010-2018-жылдар аралыгындагы маалымат. Учурда өлкөдө убактылуу 11 966 коңшу Кытай мамлекетинин жараны бар. Кыргыздын жарандыгын 268 киши алган. Ошонун 171и кыргыз, 72си уйгур, 9у өзбек, 6сы кытай, 9у дунган жана бири казак. Каптап кетти деген сөздөн этият болсок. Кантип эле жөн отуралы, биз деле иштеп жатабыз. Калп-чындын баарын айта берген болбойт", - деди президент.