Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков биринчи ирет журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Анда журналист "Асылбек Жээнбеков "серый кардинал", парламенттеги депутаттарды ооздуктап алган" деген сөздөр айтылып жатат. Буга чейин Асылбек Шарипович депутат болуп келгенде анын таасири анчейин эмес болчу. Кийин сиздин президент болуп келишиңиз менен таасири күчөдү. Аны менен мандатты тапшыруу тууралуу сөз болдубу?" - деп суроо берди.
"Мен баарын окуп турам, факт менен жазсанар жакшы болмок. Баарыңарды түшүнүп турам. Асылбек Жээнбеков жөнүндө фактыны берсеңер, кайсы кадрды койгонун айтсаңар, мен текшертейин. Баарын көзөмөлдөп жатам. Алар барса чара көрөрүмдү билишет", - деди президент.