Өлкөгө күчтүү оппозиция керек. Мындай оюн бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"Оппозиция мыйзам жолу менен иш алып барса, кемчиликтерди айтып, аларды чечүү жолдорун сунуштап турса, бул абдан жакшы туура көрүнүш болот. Азыр бизде оппозиция көп. Ар бир журналист, массалык маалымат каражаттары өзүнчө оппозиция. Бийликти түздөй турган жарандык коом бутуна туруп калды. Баарын колдошубуз керек. Бизде эркин ММКлар, эркин жарандык коом, парламент иштеп жатат. Бүт кемчиликтерди айтып жатышат. Партиялар программаларын ишке ашырууга аракет кылышууда.
Бул маселеде биз табигый жол менен өсүп келе жатабыз. Ушул туура багытты тоскоол болбой алып кетсек, бийлик күчтүү болот, бардык тармакта өнүгүү болот", - деди Жээнбеков.