КҮНСЕРЕП: SUPER.KG'нин журналистинин суроосу Жээнбековду жарга такады

Бүгүн, 19-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

1 жыл мурун бийликке келген Сооронбай Жээнбеков президент катары биринчи маалымат жыйынын өткөрдү. Жыйынга катышуу үчүн 84 жалпыга маалымдоо каражатынын атынан 172 журналист каттоодон өткөнү айтылды. Бирок президенттик пресс кызмат суроо узатуу мүмкүнчүлүгүн баарына бирдей берген жок.

Журналисттер коомчулугун эӊ биринчи кезекте түйшөлтүп турган маселе - коррупциянын гүлдөп-өнүгүүсү экени суроолордон улам көрүнүп турду. Тилекке каршы, өлкө башчысы "коррупционерлердин орду түрмө, аларды эл аралап баса албай калгыдай кылуу керек, тийиштүү органдар чечкиндүү күрөшүүсү керек!" деген өӊдүү жалындуу сөздөрдү айтуу менен чектелип, үмүт жарата тургандай чечимдер тууралуу айта алган жок. Мындай ураандар шайлоо алдында айтылган. Президентте сөздөн ишке өтүүгө толук 1 жылдан ашты. Бирок ураандар толкунунан чыга электиги көрүндү.

ЖМК өкүлдөрүн президенттин туугандарынын бийлик иштерине аралашуусу, "шайлоодогу талапкер Сооронбай Жээнбековдун "кара кассасы" деп элге тараган файлдын чын-төгүнү, башкы атаандашы Өмүрбек Бабанов боюнча пикири да кызыктырды. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабанов сүйлөшүүлөрдөн соӊ өлкөдөн чыгып кеткенин, ага каршы козголгон кылмыш иштери жабылышы керектигин билдирген. "Ал мага жана Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө алданып калды" деген Атамбаев. Ошондой эле 600 миӊ шайлоочунун добушун алган адам өзүнүн добуштары үчүн "күрөшөм" деп чыкпаганын, өлкөдөгү абалды толкутпаганына ыраазычылык билдирүү керектигин билдирген. Бүгүн президент Жээнбеков Бабанов менен сүйлөшүү болгон эмес деп четке какты. "Мен бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп элге убада берген эмесмин" дейт Жээнбеков. 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жолун улайм деген ураан менен чыккан. Ушунун өзү Жээнбековдун "шайлоого баратып келечек жөнүндө сүйлөшүү болгон эмес" дегенин жокко чыгарат. Президент Бабановго ачылган кылмыш ишин токтотууга буйрук бере албайм, анын ишин укук коргоо органдары жана сот чечиши керек деп кутулду. Президент ушул жылдын февраль айында өткөн "Мен соттордун ишине киришпешим керек. Бирок башаламандык болуп, мыйзам бузуулар болуп жатса киришпей коё албайм" деген. Анын бул сөзүнөн алып караганда, демек, элдин эмес, өзүнүн кызыкчылыгына туура келсе гана соттордун ишине кийлигишет деп түшүнсө болчудай.

2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековдун "кара кассасы" деп юрист Нурбек Токтакунов жарыялаган файл боюнча SUPER.KG'нин журналисти Жылдыз Джускембаева суроо узатты. Журналист Сооронбай Жээнбеков эгемендүү Кыргыз тарыхында эң аз добуш менен шайланган президент болгонун, ошол эле учурда анын шайлоо штабында иштеген адамдар анын жеӊишинен күмөн санаткан абдан чуулгандуу "кара касса" өӊдүү маалыматтарды айтып чыгышканын эске салды. 2017-жылкы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков 54,76 пайыз добуш менен жеӊүүчү деп табылган. Эгер чуулгандуу "кара касса" окуясы 5 пайыздык эле добушка күмөн жаратса, анда Жээнбеков жеӊишке жетишмек эмес. Жогорудагы жагдайды эске салуу менен журналист Жээнбековдун легитимдүүлүгү тууралуу өзүнүн пикирин сурады. Президент юрист Токтакунов жарыялаган маалыматты ИИМ иликтеп жатат дейт. Биздин өлкөдө бийлик өзүнүн күмөндүү жактарын өзү адилеттүү иликтеген учур ушуга чейин боло элек. Ал эми Адахан Мадумаровдун бийликке көз карандысыз саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнөн турган улуттук комиссия түзүлүп, "кара касса" боюнча иликтеп чыксын деген сунушун Жээнбековдук бийлик кулак сыртында калтырды. Президент мындай маалыматтарды бийлигине көз арткандар чыгарып жатат деген ою менен чектелди.

SUPER.KG'нин журналистинин дагы бир суроосу президентти жарга такады. Бул суроо жакында 50 миң доллар пара алып жатып кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басарынын окуясы тууралуу болду. Өткөн аптада Коопсуздук кеӊешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда президент Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп алып "сенин ордуӊда болсом эбак арызымды жазып кетип калмакмын. Бүт дүйнөгө шерменде болдук" деп урушкан. Журналист пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевди министрдин орун басары кызматына өкмөт башчы кезинде Сооронбай Жээнбеков өзү 2017-жылдын 13-февралында бекиткенин, демек, бул иш үчүн жоопкерчилик өзүндө да бар экенин эске салып, "ушундай адамды кызматка койгонуӊуз үчүн өзүӊүздүн отставкаӊыз тууралуу ойлонгон жоксузбу?" деп кызыкты. Президент "айыптуулар сөзсүз жоопко тартылышы керек" деген өӊдүү универсалдуу сөздөр менен кутулду.

Сооронбай Жээнбеков өлкөдө үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм деген сөзүн бул жолу да кайталады. "Иним Асылбек Жээнбеков мага сөз тийбесин деп коркуп үйүндө отурат. Парламентке да келбей калды. Эгер анын мамлекеттик ишке аралашканы боюнча фактылар болсо бергиле, чара көрөйүн. Кудам бар, алар менен жолукканда мамлекеттик иштер тууралуу сөз болбойт", - дейт өлкө жетекчиси. Президент бир туугандарын санап, алар кайда иштей турганын айтып берди. Үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербей турганын убагында бардык президенттер айтышкан. Бирок президенттердин жакын туугандары, тууган-урук, катыштары, жакын санаалаштары өлкөнү башкаруу иштерине кийлигишкенин 27 жылдык тарых бир нече ирет далилдеп келе жатат. Эгер өзү президенттик кызматка келген соӊ бир туугандары мамлекеттик кызматтардан баш тартышса, анда Сооронбай Жээнбековдо үй-бүлөсүн бийликке аралаштырбоо ниети чын эле бар экенине коомчулук ишенмек. Тилекке каршы, андай болгон жок.

Президенттин дарегине өлкөдө коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатканы боюнча сындар көп айтылды. Бирок ал "күрөш тандалма жүрүүдө" дегенди моюнга албай турганын бүгүнкү жыйында ачыктады. Мисалы, журналисттер коомчулукта артынан көп сөз ээрчиген бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кол тийгис бойдон калып жатканын эскертишти. Президент: "Мен президент болуп 2017-жылы ноябрда келдим. Мага чейин Райымбек Матраимовго 8 жыл эч ким көңүл бурбай келген. Мен президент болгондон кийин аны "коррупционер" жана "Жээнбековдун жакыны" деп чыга калышты. Мен келгенден бери ал мамлекеттик кызматта иштебейт. Азыр соттошуп жатат", - деп күнөөнү мурунку бийликке оодаруу менен абалдан чыгууга аракет кылды. Коррупционерлерди жектөө керек деген сөзүн президент дагы кайталады. Ал эле эмес, коррупция менен күрөшүү милдетин элге жүктөп, "элге аралашып жүрө албагыдай кылуу зарыл, бул күрөш элге да керек" деди. Бирок эл атын улам атап, текшерүүнү талап кылып жаткан адам боюнча бийлик эч кандай реакция кылбай, "менин тушумда эмес, мурункулардын тушунда иштеген" деп алакан жайды. Эл аралык деӊгээлдеги иш-чараларда Жээнбековдук бийлик бул адамды чиновниктер менен катарлаш төргө өткөрүп, сыйлап келе жатат. Демек, бийликте "эл аралап баса албай калгыдай кылуу" аракети жок.

Матраимовдор темасын уланткан президент бул аты аталып жаткан үй-бүлө бардык шайлоодо КСДП үчүн чын дили менен иштеп бергенин айтып өттү. Мамлекеттик кызматта турган Матраимовдордун шайлоодо бир партияга берилип кызмат кылганы мыйзамдуубу?

Жалпылап алганда, президенттин 1 жылдык маалымат жыйыны ураан таштоо, убада берүү, күмөн жараткан жагдайларды четке кагуу, бийлик аткарышы керек болгон бардык милдеттерди "Кудайга тапшыруу" менен коштолду...

Президенттин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында күтүлгөндөй эле камакта отурган саясатчылар, анын ичинде Өмүрбек Текебаев тууралуу суроолор берилди. Текебаев боюнча өлкө башчынын жообу кыска болду.

"Өмүрбек Текебаевдин иши бардык соттук инстанцияларда каралып бүткөн. Жогорку Кеңеш дагы караган, мен аны буза албайм. Сот чечими чыккан. Ал өзү суранып кайрылса, мунапыс берейин", - деди Жээнбеков.

Ырайым суроо - коюлган күнөөнү моюнга алуу деген сөз. Өмүрбек Текебаевдей күрөшүп такшалган саясатчы мындайга макул болбосу турган иш. "Ата Мекендин" лидерине каршы козголгон кылмыш ишин партиялаштары кайра кароо керек деп талап кылышууда. Бул талаптарга бүгүн президент жооп узатты. Демек, Текебаевге сот аркылуу актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилиши дагы эле күмөн. Бийлик саясатчыны бошотуп, анын тарапташтарынан жакшы упай алууга, ошол эле учурда тажрыйбалуу саясатчынын оюн талаасына, Жогорку Кеңешке кайтышына кызыкдар эместигин көрсөттү.

Бул арада бүгүн Бишкекте Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык юбилейине карата фото көргөзмө ачылды. Саясатчы 22-декабрда 60 жашка толот. 1991-жылы 33 жаш курагында саясатка аралашып, Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты болгон, өмүрүнүн жарымын Кыргыз мамлекетинин эгемендүү өлкө катары калыптанышына арнаган, Акаев, Бакиев өӊдүү опурталдуу бийлик өкүлдөрү менен күрөшүп, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдордун бийликке келишине жол салган адам юбилейин абакта тоскону турат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан