Эл өкүлдөрү “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” жаңы мыйзам жергиликтүү ишкерлерге жакшы шарт түзөрүн айтышты

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Бул мыйзам долбоору бажы ишинин чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө cалуу максатында иштелип чыккан. Бул тууралуу Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оӊолбеков билдирди.

Бир катар депутаттар сунушталган мыйзам долбоору өзгөчө атамекендик ишкерлер үчүн өтө маанилүү экенин айтышты. Мындан тышкары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы укуктук талаш-тартыштарды жараткан маселелер мыйзам алкагында чечиле баштай турганын белгилешти.

Аталган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан