Экс-депутат Кубанычбек Исабеков "Жети-Өгүздөгү митингдерге тиешем жок" дейт

Мурдагы чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков май-июнь айларында Жети-Өгүз районунда өткөн митингдерге байланышы жок экенин бүгүн, 17-июлда маалымат жыйында айтты. Айтымында, ал Германияда 2,5 ай ооруканада жатты. "Өлкөдө болуп жаткан иштер аябай өкүнтөт. Эмнеге "Кумтөр" маселеси көтөрүлсө эле менин атымды жабыштыра беришет? Мен химиятерапиядан өтүп, өткөн бейшемби күнү өлкөгө келдим. Буга далил боло турган бардык документтер бар. Мындан сырткары мен УКМКнын төрагасына, ИИМдин жетекчисине жана башкы прокурорго телефон чалдым, алар мага карата дооматы жок экенин айтышты",- дейт Исабеков.  

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан