Асел Кодуранова: "Мен Кудайдан башка эч нерседен коркпойм"

"Мен Кудайдан башка эч нерседен коркпойм". Мындай пикирин вице-спикер Асел Кодуранова парламент жыйынында айтты.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кодуранованы вице-спикерликтер чакыртып алуу маселеси каралмакчы. Аны КСДПнын лидери Иса Өмүркулов сунуштады.

"Кызмат бүгүн бар, эртең жок. Менин маселем фракцияда каралган күнү башка иш-чара жүрүп жаткан. Мен ушул жердеги айым депутаттар менен ошол жакта отургам. Мен Кудайдан башка эч нерседен коркпойм. Маселе чечилди. Мага шайлоо учурунда сөз бериңиз. Мен трибунага чыгып, өз сөзүмдү айтам", - деди Кодуранова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан