Жанар Акаев: "Жарымыбыз Атамбаевчи, жарымыбыз Жээнбековчу болуп бөлүнгөндү качан токтотобуз?"

"Жарымыбыз Атамбаевчы, жарымыбыз Жээнбековчу болуп бөлүнгөндү качан токтотобуз?" Мындай пикирин бүгүн, 20-декабрда парламенттик жалпы жыйында депутат Жанар Акаев вице-спикер Асел Кодуранованы кызматынан чакыртып алуу сунушу берилип жатканда билдирди.

Жыйында төрага Дастанбек Жумабеков менен депутат Алтынбек Сулайманов регламент маселеси боюнча кайым айтышты.

Жанар Акаев "Бир Бол" фракциясынын лидери катарында Алтынбек Сулаймановдун төрагага сын айтууга укугу бар экенин кошумчалады.

"Качан парламенттик көз карашта иштейбиз? Бирөөгө жалданма болгонду качан токтотобуз? Дастан Артисбекович, төрагалыкка шайланып келе жатканда "сын угууга, бардык кыйынчылыкка даярмын" деп келип алып депутаттарды уруштуруп, өзүңүз кыйкырышып отурасыз", - деди Акаев.

Жогорку Кеңеш бүгүн саат 14:00дө Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алуу маселесин карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан