Асел Кодуранова парламенттин вице-спикерлигинен кетти. Мындай чечим бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынды.
Депутаттардын 92си "макул", 19у "каршы" добуш беришти.
Бул маселени күн тартибине киргизүүнү КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов сунуштаган.