Депутат Улан Примов: “Текебаев мамлекеттин түптөлүшүнө аябай чоң салым кошкон”

Өмүрбек Текабевдин камакка алынганына эки айдан соң эки жыл болот. Саясатчы кармалгандан бери анын саясий куугунттукка кабылганы айтылып, маселе парламентке чейин жеткен. Бул арада бийлик алмашты. Бирок Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу боюнча бийлик үн ката элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрдагы маалымат жыйынында "Текебаев боюнча сот чечими чыккан. Ал ырайым сурап жазса, берейин" деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Текебаевге өзүнүн актыгын далилдөөгө атайылап мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Бийлик "Ата Мекендин" лидеринен ырайым суроону күтүп жатабы?" деген соболуна депутат Улан Примов жооп берди.

Эл өкүлү Өмүрбек Текебаев дасыккан саясатчы экенин айтты.

“Текебаевдин иши боюнча кечээ президент өз пикирин билдирди. Бул чын эле коомдо, саясатчылар арасында талкуу болуп жаткан маселе. Бирок ага карата сот чечими чыкты. Эми мыйзамдуу жолу - бир гана мунапыс. Президент “мыйзам чегиндеги укугум - мунапыс, ырайым гана берүү” деди. Башкы прокуратура бүгүнкү күндө канчалаган сотторго кылмыш ишин козгоп жатат. Адилеттүү чечимдер чыгарылбаганы буга себеп болгон. Сотторго бул чоң коңгуроо. Мындан ары мыйзам чегинде гана чечим чыгарышы керектигин билип жатышат. Президент да “соттордун ишине кийлигишпейм” деп жатпайбы. Текебаев көптөн бери депутат болуп иштеп келген, мамлекетте өзүнүн орду бар саясатчы. Ал мамлекетибиздин түптөлүшүнө аябай чоң салым кошкон. Бийликте болобу же оппозицияда болобу бул Текебаевдин өзүнөн көз каранды. Ал дасыккан саясатчы”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Марлен Маматалиев, Чыныбай Турсунбеков, экс-депутат Асия Сасыкбаева жана жарандык активист Айбек Мырзанын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан